Ибрагим Жунусовго ТҮРКСОЙ уюмунун Ардак белгиси тапшырылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн 12-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында мамлекеттик жана коомдук ишмер, обончу-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ибрагим Жунусовдун 65 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция, өнөр сүйүүчүлөр жана юбилярдын жакындары катышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Ибрагим Жунусовдун улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, кыргыз музыка өнөрүн дүйнөгө таанытууга жана мамлекеттик кызматтагы үзүрлүү эмгегине токтолду.

Белгиленгендей, анын обондору кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк таап, улуттук музыкалык мурастын алтын казынасына айланган. Айрыкча, «Эламан» чыгармасы бир катар өлкөлөрдө кеңири таанылып, кыргыз искусствосунун географиясын кеңейтүүгө салым кошкон.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев юбилярга куттуктоо жолдоп, анын өлкөнүн маданиятына жана коомдук турмушуна кошкон зор салымын белгиледи.

Ибрагим Жунусов маданиятты менен искусствосун өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн TURKSOY уюмунун Ардак белгисине татыды. Бул жогорку эл аралык сыйлыкты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков тапшырды.

Ибрагим Жунусовдун чыгармачылыгына арналган концерттик программа тартууланды.

Иллюстрациялык сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты