Sheraton отелиндеги мушташ: Жан Воинов бир айга камалды
- 1 неделя мурун
Бишкектеги Биринчи Май райондук соту, белгилүү бийчи Жан Воиновду 1-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Жан Воиновго КР Жазык кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту «Топ менен жасалган хулиганчылык» боюнча айып тагылууда. Ал СИЗО-1 тергөө абагында кармалат.
Эске салсак, 3-июлда интернетке Sheraton мейманканасындагы бассейн жанында жана холлунда болгон мушташтын видеосу тараган. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 30-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон. Үч кыз жабыркап, милицияга арыз менен кайрылышкан.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Муну бөлүшүү