Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү жүрөт
- 1 неделя мурун
5-февралдан 7-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда көчкү жүрөт.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Атап айтканда кар көчкү:
— Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Тоолуу тилкелерде кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кандайдыр бир кырсыктын күбөсү болсоңуз токтоосуз “112” кызматына кайрылыңыз, чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




