Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт
- 3 месяца мурун
24-марттан 28-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Кар көчкү:
— Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында, Төө-Ашууда, 198-255-чакырымдарында, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда;
— Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 88-95-чакырымдарында, Чапчыма ашуусунда;
— Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында;
— Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында, Долон ашуусунда;
— Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290-326-349-чакырымдарында, Көк-Арт ашуусунда күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Кырсык болгон учурда “112” кызматына чалууну, зарылдык болбосо алыска жолго чыкпай турууну сунуштайт.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ




