Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү күтүлөт

  • 1 месяц мурун

11-майда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жана 12-майда Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты.

Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз, токтоосуз «112» номерине билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты