Шашылыш билдирүү: Сел жүрүү коркунучу күтүлөт
- 1 неделя мурун
8-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар экендигин эскертет.
Дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкындар болушу мүмкүн.
Сел кооптуу аймактардан жана дарыя жээктеринен алыс болуңуз. Өзгөчө кырдаалдар катталган учурда “112” бирдиктүү номуруна кайрылыңыздар.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




