Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаан күтүлөт
- 2 месяца мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет кызматы 23-24-сентябрда Кыргызстанда нөшөрлөгөн жамгыр жаап, аба ырайы кескин сууктай тургандыгын эскертти. Тоолуу жана тоого жакын аймактарда кар, жамгыр жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Буга байланыштуу тоого, дарыя жээктерине эс алуудан карманып турууга чакырды.
“Кырсык катталганда “112” номерине чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта” деп билдирди ӨКМ.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




