Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүүсү ыктымал
- 3 недели мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кар көчкү түшүүсү мүмкүн жана кар күрткүсү пайда болот.
31-январдан 2-февралга чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалы Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;- Каракол – Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылды чектөөнү унутпаңыз.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




