Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
- 2 месяца мурун
20-декабрдан 22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдары — Төө-Ашуу , 198-255 чакырымдары -Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында -Чапчыма ашуусу, Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында — Чоң-Ашуу, Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында -Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
ӨКМ унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын жана кандайдыр бир кырсык катталганда «112» номерине байланышууну эскертет.
Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ




