11-декабрда: Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 11-декабрда, күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метр, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз +1…+6;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -13…-15, күндүз +4…+6 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




