Шашылыш билдирүү: Кар көчкү коркунучу сакталууда
- 6 месяцев мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-февралднан 26-февралга чейин кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында, Төө-Ашууда, 198-265 чакырымдарында, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112 чакырымдарында, Чапчыма ашуусу, Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымдарында, Долон ашуусу, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14 чакырымдарында, Арал-Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-, 260-290- жана 326-349-чакырымдарында, Көк-Арт ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Чон-Ашуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




