19-декабрда: Айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 19-декабрда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: :
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз +2…+4 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




