15-январда: Айрым жерлерле жаан, тоолуу райондордо кар жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 15-январд,а күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, Чүй, Ош, Баткендин тоолуу райондорунда кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +11…+13 градус жылуу.
16-17-январда өлкөдө мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман түшүшү мүмкүн. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетет.
17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн-7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




