Шашылыш билдирүү: 1-2-3 -май күндөрү тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт
- 1 год мурун
1-2-3-май күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, ошондой эле 3-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди
Мүмкүн болгон нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болууга чакырат жана сел каналдарын, арыктарды тазалап, суунун тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзүү керектигин эскертет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




