Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу киргизилди

  • 3 года мурун

Кыргызстанда бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу киргизилди. Анын ичинен 84 миң 128и чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде добуш беришет.

Бир мандаттуу шайлоо округдарында 3 миллион 619 миң 292 шайлоочу бар. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын билдиришинче, чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес. Ошондуктан эки тизмеде айырма бар.

Шайлоочулардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 1 миллионго, 2020-жылга караганда 200 миңге көбөйдү.

БШКнын маалыматына караганда, 2494 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 59у чет өлкөдө. Шайлоо комиссияларында 30 миң 508 адам иштеп жатат.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты