БШКга кайра шайлоого катышуу үчүн дагы 4 талапкерден арыз түштү

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн дагы төрт талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин Жаныбек Асанбеков менен Назгүл Жолдошева, ал эми Биринчи май округу боюнча Шадыкан Жакыпбекова менен Нурбек Токтакунов билдирген.

Белгилей кетсек, кайра шайлоого катышуу ниетин биринчилерден болуп Гуля Алманбетова (Свердлов округу) менен Элвира Сурабалдиева (Биринчи май округу) билдирген.

Аталган шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты