Шайлоочу жайлардан тышкары жерде добуш берүүгө байкоо жүргүзүлүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 27-декабрда, 300 шайлоо участогунун 179унда шайлоочу жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат.

Ден соолугуна байланыштуу шайлоо күнү шайлоо участогуна келе албаган жарандардын шайлоочу жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

«Жалпы иш» коомдук фонду кабарлагандай, алардын байкоочулар курамында кыска мөөнөттүү 600 жана узак мөөнөттүү 72 байкоочу, 8 аймактык координатор, 46 КМБ координаторлору, 20 байланыш борборунун операторлору жана 46 мобилдик топтор бар.

Фонд туш келди тандалып алынган 300 шайлоо участогуна байкоо жүргүзүүдө. Анын ичинде шайлоо участокторун ачуу жана жабуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуштарды саноо жана жыйынтык чыгарууга мониторинг жасоодо.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 13 миң 396 арыз берилди. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 миң 785 арыз берилди. 

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Фонддун басма сөз кызматыю

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты