Садыр Жапаров келечекте онлайн форматында добуш берүү системасын иштеп чыгуу пландалып жатканын билдирди

  • 1 неделя мурун

Мамлекет башчы Садыр Жапаров онлайн-добуш берүү системасын иштеп чыгуу пландаштырылып жаткандыгы тууралуу бүгүн, 1-декабрда, эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Бул ирет биз аралыктан добуш берүүнү киргиздик. Мындан ары онлйн добуш берүүнү камсыз кылсак, ошондо шайлоочулардын катышуусу 40% эмес, 80%га чейин жетиши мүмкүн. Эмдиги жылы бул ыкманы президенттик шайлоого колдонууга жетишпей калабыз. Эмки парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү ыкмасын киргизүүнү пландаштырп жатабыз» деди президент.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын катышуусу 36,90 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-декабрда билдирди.

Ал эми чет өлкөлөрдө добуш бергендердин саны 16 178 шайлоочуга көбөйүп, өсүш 60,7% түздү (2021-жылы 9 825 адам добуш берген.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады.

БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты