Ош базарында жана Орто-Сай базарында эт азыктарынын баасы текшерилди
- 1 месяц мурун
12-декабрында «Ош базары» жана «Орто-Сай» базарларында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев эт азыктарынын баасын көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрдү.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге эт азыктарынын баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлдү. Эгерде эттин баасы 680 сомдон жогору сатылган фактылар аныкталса, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мыйзамда каралган чараларды колдонору белгиленди.
Мындан тышкары, эт азыктарынын баасын көтөрүлүшүн токтотуу максатында «Кыргыз Агрохолдинг» тарабынан аталган базарларда социалдык мааниге ээ баалар менен кошумча эт сатуу пункттарын ачуу маселеси каралды.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




