№25 ОШК участоктон тышкары жайдан добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
- 7 месяцев мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) №25 округдук шайлоо комиссиясынан 2025-жылдын 29-ноябрында «Фейсбук» социалдык тармагында жарыяланган видеожазууларга байланышкан алдын ала текшерүү материалдары каралгандыгы тууралуу чечим түштү. Аталган видеолордо Нижняя-Серафимовка айылындагы Карылар жана майыптар үйүндө жайгашкан №7133 шайлоо участогунда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгынын белгилери бар.
Бул тууралуу БШК билдирди.
№25 округдун шайлоо комиссиясынын (ОШК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча 29-ноябрда ушул участокто участокдон тышкар жайдан добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, материалдарды мындан аркы кароо үчүн БШКга жөнөттү.
БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык карап чыгат.
Иллюстрациялык сүрөт: shailoo.gov.kg




