Жогорку Кеңеште келерки жылдан баштап добуш берүүнүн биометрикалык системасы киргизилет

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңеште келе жаткан, 2026-жылдан баштап добуш берүүнүн биометрикалык системасы киргизилет.

Парламенттин регламентине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы чакырылыштын депутаттары 2026-жылдын январынан тартып каттоодон өтүп, манжа издери менен гана добуш бере башташат.

Буга чейин парламентте айрым депутаттар келбеген кесиптештерине добуш берип, коомчулукта “кнопка баскыч” деген нааразылык жараткан учурлар көп болгон. Манжа изи менен гана добуш берүү “кнопка басуу” сыяктуу мыйзам бузууларды жоюп, Жогорку Кеңеште добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздайт деп күтүлүүдө.

Жаңы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт.

Борбордук шайлоо комиссисы (БШК) 10-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.

Ага ылайык, БШК 30 көп мандаттуу округда шайлоо өткөнүн таанып, шайлоонун жыйынтыктарына ылайык, 29 көп мандаттуу округдан 87 талапкердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганын билдирди.

Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгын мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты