Бүгүн шайлоо өнөктүгүндө — жымжырттык күнү

  • 2 года мурун

Эртең, 28-ноябрда, Жогорку Кеңешке шайлоолор күнү. Ал эми бүгүн үгүт иштери токтогон, жымжырттык күнү.  

Ал эми БШКга Жогорку Кеӊешке шайлоодо бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу 13 396 арыз түшкөн. Бүгүн алар добуш берип жатышат.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:

-добуш берүү күнү ооруканада жаткан, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар;

-алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар;

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:

  • добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери,
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар,  
  • вахта ыкмасында иштеген шайлоочулар.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: ПолитКлиника/Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты