Шайлоо учурунда ЖК депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулбай турганы маалымдалды

  • 9 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин (ЖК) VII чакырылышы 25-сентябрда өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алган.  Бирок, Жогорку Кеңештин регламентинин 140-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин да өзүнүн ыйгарым укуктарын Жогорку Кеӊештин биринчи жыйналышына чейин аткара берет

Бул тууралуу парламенттин сайтында кабарланды.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Президентти жана Кыргыз Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, шайлоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулбайт. 

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка 30-сентябрда кол койду.

25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты