Шайлоо: Депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны 185ке жетти
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттыкка талапкер кылып каттоо үчүн арыз бергендердин саны 10-октябрда 185ке жетти.
Алардын арасында парламенттин VII чакырылышынын депутаттары, экс-депутаттар, ишкерлер, мугалимдер, коомдук ишмерлер жана башкалар бар.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу 30-октябрда саат 18:00дө аяктайт.
Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Муну бөлүшүү




