Шайлоо-2021: Үгүт өнөктүгү старт алды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 29-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланат. Шайлоо 28-ноябрда өтөт.

30-октябрда чүчү кулак аркылуу парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялардын жана бир мандаттуу округдардан катышкан талапкерлердин бюллетендеги орду аныкталат.

Бул жолу Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. 54 депутат пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты