БШК талапкерлердин шайлоо бюллетенине кирүү ордун аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрөт

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрда саясий партиялардын жана бир мандаттуу шайлоо округдарынын талапкерлери боюнча парламенттик шайлоо бюллетенине кирүү кезегин аныктоо үчүн  чүчүкулак өткөрө турганын билдирди.  

Чүчүкулак кармоого каттоодон өткөн талапкерлер, саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү катыша алат.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты