БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Кечээ, 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүткөнүн билдирди. Андан көп өтпөй социалдык тармактын айрым колдонуучулары БШКнын сайтындагы маалымат системасында кол санактын жыйынтыгына ылайык добуш бергендердин саны шайлоого катышкандардын жалпы санынан көп чыгып жатканын жазып чыгышты. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат системасында бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш бергендердин саны 1 млн 293 миң 535 шайлоочу (жалпы шайлоочулардын 34,93 пайызы) деп  көрсөтүлгөн. 

БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалымат боюнча, бирдиктүү шайлоо округу боюнча 1 млн 293 миң 534 шайлоочу добуш берген. Башкача айтканда, жалпы шайлоочулардын санынан добуш бергендердин саны бир шайлоочуга аз. 

БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Ал эми кол санактын жыйынтыгы боюнча добуш бергендердин саны 1 млн 293 миң 897 деп көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда, шайлоого катышкандардын жалпы санынан добуш бергендердин саны 362ге көп. 

БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуштарды эсептөөдө дагы ушундай эле көрүнүш кайталанат.

БШКнын Маалыматтык шайлоо системасындагы маалыматтарга ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого катышкандардын жалпы саны — 1 млн 269 миң 374. Же жалпы шайлоочулардын 35,07 пайызы добуш берүүгө катышкан.

БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Автоматтык эсептөөчү урналардын эсеби боюнча, бир мандаттуу округдардан добуш бергендердин саны — 1 млн 268 миң 276. Тактап айтканда, шайлоого катышкандардын жалпы санынан добуш бергендердин саны 1098ге аз. 

БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Ал эми кол санактын жыйынтыгына ылайык, бир мандаттуу округдар боюнча добуш бергендердин саны 1 млн 270 миң 166ны түзгөн. Бул шайлоого катышкандардын санынан 792ге көп. 

БШКнын сайтында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чындык

Нааразычылыктар жана күмөндүү фактылар 

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан 282 талапкер ат салышкан. Алардын арасынан алты партия 5 пайыздык чектен өтсө, бир мандаттуу округдардан 34 талапкер алдыга озуп чыкты. Бишкек шаарындагы эки округда баарына каршы добуш бергендер басымдуулук кылган. 

Добуш берүү күнү БШКнын сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШКнын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген. 

Жыйынтык: Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалымат системасында шайлоого катышкандардын санына караганда добуш бергендердин саны көп чыгып жатканы чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты