БШК бир мандаттуу округдардан 5 пайыздык чектен өткөн талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдар боюнча 5 пайыздык чектен өткөн талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шайлоо өткөн жок деп табылган округдардан ат салышкан талапкерлер дагы шайлоо күрөөсүн кайтарып ала алышат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу округдардан жалпы 282 талапкер ат салышкан. Алардын ар бири Боршайкомдун депозиттик эсебине 100 миң сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коюшкан. Атайын эсептеги жалпы сумма 28 млн 200 миң сомду түзгөн.

Боршайкомдун билдиришинче, 5 пайыздык чектен өткөн талапкерлердин саны — 155. Ал эми эки округда баарына каршы добуш бергендерди саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп табылды.

«Талапкерлерге кайтарылып бериле турган каражаттын жалпы суммасы 16 млн 600 миң сом. Ал эми 11 млн 600 миң сом республикалык бюджетке которулат», — деп айтылат маалыматта.

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты