Шадиевдерге катталган «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү

  • 4 месяца мурун

Аскар Шадиевдин туугандарына катталган “Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2000-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскар Шадиев, Жогорку Кеңештин мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, жеке кызыкчылыгы үчүн борбор калаадан арзандатылган баада 3 гектарга жакын жер тилкесин («Баткен-Комфорт» базарын) алып, туугандарына каттаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жер участогунун иш жүзүндөгү ээлери аталган (С.Шадиевдин жана М.Шадиевдин) жакын туугандары «БГАТП» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакети (64,38%) ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүштү.

Муну менен катар 2024-жылдын 9-январында Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик негизги акционер катары «БГАТП» ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган, мындан улам 2024-жылдын январь айынан баштап базардагы соода жайларынын ижара акысынан түшкөн айына 10 млн сомго жакын (жылына 120 млн сом) мамлекеттик бюджетке түшөт.

Ошол эле учурда 2020-жылдан бери республикадан тышкары Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн А.Шадиев, жубайы Асел Шадиеванын наамына катталган «БГАТП» ЖАКтын калган акцияларына карата, акцияларды мамлекеттин менчигине кайтарып алуу мүмкүндүгү үчүн сот тартибинде акцияларды конфискациялоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты