ЖК комитети «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда колдоду

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 4-февралда, парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ боолду. 

Демилгечилер – депутаттар Чыңгыз Ажибаев, Ырысбек Атажанов, Русланбек Жакышов, Кубанычбек Самаков, Динара Ашимова.

Демилгечилердин бири, депутат Чыңгыз Ажибаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Карим Ханджеза шаар мэрлигине талапкерге коюлган мыйзам долбоорунда белгиленген талаптар боюнча маселелерди такташты.

Сүрөттө: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты