Шаар аралык такси автобекеттерге бөлүштүрүлөт

  • 2 года мурун

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, Батыш автобекети тараптагы иретсиз токтотулган унааларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган такси маршруту Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б.) каттаган такси маршруту Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.

Биринчи май муниципалдык администрациясынын демилгесин «Бишкек автобекет» мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдоого алды.

Эреже бузууларды каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты