Сеулда Кыргызстан делегациясы жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен кызматташууну талкуулады

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын делегациясы Кореяга жумушчу сапарынын алкагында Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар Жашыл климаттык фонддо коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин (АРИС) аккредитациялоо процессин жана фонд алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришип, аларды ушул жылдын сентябрында Сеулда өтө турган глобалдык конференцияга катышууга чакырышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты