Сеулда Кыргызстан делегациясы менен KOICA биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

  • 2 года мурун

Президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 13-июлда, Сеул шаарында Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сонг Хюксанг менен жолугушту. 

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алмаз Исанов экономиканын приоритеттүү секторлорундагы санариптик трансформациялоо долбоорлорун илгерилетүү жагынан Кыргызстанга KOICAнын жардамын кеңейтүү маанилүүлүгүн белгиледи (санариптик банкинг, айыл чарба, жашыл жана креативдүү экономика, энергетика, анын ичинде микроэнергетика ж.б.) .

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен KOICA ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Алмаз Исанов кыргызстандык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, Түштүк Кореянын өкмөтүнө жана KOICAга өлкөдө түрдүү долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Биргелешкен долбоорлорго келсек, Сон Хюксанг Кыргызстанда артыкчылыктуу долбоорлорду алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга көмөктөшүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын түрдүү демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты