Сеулда корей окурмандары үчүн Кыргызстан тууралуу китептин бет ачары өттү
- 8 месяцев мурун
25-мартта Кыргыз Республикасынын элчилигинин жана “Борбордук Азия – Корея Республикасы” форумунун катчылыгынын көмөгү менен корей окурмандарына Кыргызстандын кооздугу, маданияты жана туристтик дарамети тууралуу айтып берүү максатында иштелип чыккан “Эмне үчүн Кыргызстан?” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди
Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Корея Республикасындагы элчилери жана өкүлдөрү, ишкер чөйрө жана туризм тармагынын өкүлдөрү, ЖМК, Кореядагы кыргыз диаспорасы жана китептин автору катышты.
Элчи Аида Исмаилова мындай демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан бай тарыхый мурасы, ажайып жаратылышы, меймандос эли бар өлкө катары туризмге кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет.
Маданий оюн-зоок иш-чарасында меймандарга кыргыздын улуттук бийи тартууланып, комузда кол ойнотулуп, улуттук тамак-аштан даам татышты.


Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы




