Сергитүүчү суусундуктарга акциз салыгы салынат

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоого акциздик салык салынаарын эскертет.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык акциздин ставкасы 1 литрине 10 сомду түзөт.

«Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, организмге сергитүүчү таасирин камсыз кылуу үчүн жетиштүү санда кофеинди жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган атайын багыттагы алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктар болуп саналат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты