“Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!” Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы белгиленүүдө
- 4 недели мурун
- Баяндар
Бул күндөрү Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы белгиленүүдө. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды Алыкулду эскерүү жылы деп жарыялады.
20-мартта Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, акын-жазуучулар, акындын чыгармаларын изилдөөчүлөр катышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө, кыргыз элинин даанышмандыгын, улуулугун, эне тилибиздин, каада-салтыбызды, салттуу маданиятыбызды, руханий байлыгыбызды бапестеп сактоодо Алыкул Осмоновдун кыргыз поэзиясында орду өзгөчө экенин белгиледи.
“Министрлик 2025-жылга карата иш планына киргизип, мына он күндүк декадасы уланууда жана жылдын соңуна чейин атайын иш пландын негизинде эскерилет. Ошондой эле республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларда уюштурулуп, Осмоновдун китептерин окуй аласыздар” деди Марат Тагаев.
Иш-чаранын соңунда китепкананын аллеясына иш-чаранын катышуучулары көчөт отургузушту. Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата 10 күндүк 28-мартка чейин уланат. Ошондой эле жыл соңуна чейин республикада ар кандай иш-чаралар өтүп турат.
Кандай иш-чаралар өтөт?
25-март: Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары, акын-жазуучулар менен студенттердин катышуусунда тегерек стол өткөрүлөт;
— 28-март: Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси өткөрүлөт;
— 20-апрель: Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн “Мой дом” аталышындагы ырлар жана поэмалар, макалалар жыйнагынын презентациясы Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте Москва шаарындагы дүйнөлүк Рудомини атындагы китепканада өтөт;
— 14–18-май: Түркиянын Элазыг шаарынын мэриясы, эл аралык «Манас» басмаканасы менен биргеликте Чыңгыз Айтматов паркында «Манас» эпосунун түркчө которулган китебинин бет ачары, Алыкул Осмоновдун ыр фестивалы жана кыргыздын Ак- Өргөөсүндө Каракол-Элазыг шаарларынын достук ырасмиси өтөт;
Июнь: Жети-Өгүз районундагы Койсары, Жети-Өгүз эс алуу жайларында Алыкул Осмоновго арналган эстелик такта орнотулуп, “Ысык Көл жана Алыкул” ыр майрамы өткөрүлөт;
16-июль: Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган адабий-илимий практикалык конференция Казакстандын Аалам жазуучулар Одагы менен биргеликте Алматы шаарындагы улуттук китепканада өткөрүлөт;
Июль: Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында А.Осмоновдун 110 жылдыгына арналган илимий практикалык конференциялар өткөрүлөт. (макулдашуу менен)
15-октябрь: Панфилов районунун Каптал-Арык айылында А. Осмоновдун 110 жылдыгына арналган иш чаралардын жыйынтыктоочу этабы өткөрүлөт.
Ошондой эле китепканачылардын республикалык форумун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн китепканаларынын Биринчи Конгрессин өткөрүү жана Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаттары жана акындын чыгармалары боюнча түзүлгөн библиографиялык көрсөткүчтү, котормолорун толуктап кайра басып чыгаруу иштери пландалган.
Алыкул Осмонов
Ата журт
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Жаз да башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!
Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Пафилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. «Таңдагы ырлар», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Махабат», «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери» деген жыйнактары жарык көрдү. «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.
Акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.
Сүрөт: Сагын Ишенов тарткан Алыкулдун сүрөтү