Семенов-Тянь-Шанский чокусунан чет өлкөлүк жаран изделүүдө
- 1 год мурун
«Хижина Рацекадагы» куткаруу тобунун маалыматына ылайык, кечээ саат 07:30да Семёнов чокусунун батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнү кароого «Эдельвейс» кошунунан 8 куткаруучу чокусуна чыгып кетишкен.
Анын түндүк-батыш тарабынан түшкөн кар көчкүнүн ылдыйтан өйдө карай издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Саат 15:15те күн ысып, кар эрий баштагандыктан, кар көчкүдөгү куткаруу иштери убактылуу токтоп, куткаруу тобу Семёнов чокусунан Хижина Рацекага кайтышты.
«Семёнов — Тянь-Шанский» чокусуна 14-июлда К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран чыгып кетип, байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу туугандары билдирген. Бул жаранды издөө «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошууну тарабынан изделүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү