“Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу”: Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
- 2 года мурун
“Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылдын 11-мартынан тартып коомдук талкууга коюлду. Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Мыйзам долбоору жер титирөө учурунда адамдардын өмүрүн, имараттарды жана курулмаларды, жашоо-тиричиликти камсыз кылуу системаларын сактап калуу; мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жер титирөөлөрдөн адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө келтирилүүчү коркунучту, ошондой эле жоготуулардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аларга мониторинг жүргөзүү жана контролдоо ж.б. максатын көздөйт.
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары (0312) 63-92-77 жана электрондук дарек аркылуу билдирсеңиздер болот: [email protected]