Саясий куугунтук тууралуу

  • 3 года мурун

Саясий куугунтук болуп камалды деп айтылып жүргөн Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка саясатчылар тууралуу суроого Президент Садыр Жапаров жооп берди.    

-Ар бир адам жасаган ишине жооп бериш керек. Октябрдагы окуяларда Ташиев менен Жапаров дагы бар деп жатышат. Ташиев басып алдыбы же мен басып алдымбы? Каракчылык кылбайлы, баш мыйзамдын талаасы менен кетели дедик. УКМК, ИИМди басып алышты.

Мен басып алууну токтоткула деп айттым.  Бир жумадай басып жатышты. Мейли революция болобу, басып алуу дегенди токтотушубуз керек. 2020-жылы тоноп-тоноого жол берген жокпуз, -деди Президент Садыр Жапаров.   

Президент Жапаров бүгүн, 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты