Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан чыгарылат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш улантылды.

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбековдун жактоочулары анын жазасын өзгөртүүнү, эркинен ажыратпоону суранды.

Жээнбеков дээрлик бир жылдан бери камакта жатат. Ал эми жаңы жазык-процессуалдык кодекске ылайык, сотттук териштирүү учурунда бир жылдан ашык кармоого болбойт.

Сот Азирет Медеров Равшан Жээнбековду камактан 27-декабрда бошотуу чечими чыккандыгын билдирди. Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү 2022-жылдын 27-февралына чейин жылдырылды.  

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандарга, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина. Асел Кодуранова, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаевге, Фарид Ниязовго бөгөт чарасы узартылган жок. Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлгөн жок.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 киши шектелип жаткан.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы жана мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 3-мартынан бери карап жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуясы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атайын операцияда бир офицер курман болуп, 200дөй киши жабыркаган. Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык баш-аламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты