Саясатчы Мавлян Аскарбековдун соту 16-сентябрга жылдырылды

Бүгүн, 9-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековдун соту өттү.


“Тергөө иштери бүтүп, иш сотко өткөрүлүп берилгенине эки айга чукулдап калды. Акыркы сот болгонуна эки жумадан ашты. Бул иш боюнча эч кандай жабырлануучу, күбө же 75 аксакал жок. Ошондуктан, мүмкүн болсо, ишти тез карап, мыйзамдуу, калыс чечим чыгарып берсеңиз” деди Мавлян Аскарбеков судьяга.

Сот ачык жүрдү. Бирок лингвистикалык баа берүү боюнча эксперт Нурлан Сакпаевдин сотко келбей калгандыгына байланыштуу отурум 16-сентябрга жылдырылды.

13-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду камакка алуу чечимин чыгарган.

Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.

Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков  чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.

Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка өз көз карашын билдирип келет, анын ичинде сынчыл пикирлери да орун алган.   

Сүрөттө: Мавлян Аскарбеков. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты