Кыргызстанга Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы расмий сапар менен келет
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 28-30-апрелде Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Сапардын жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттардагы бир катар документтерге кол коюу каралган.
Бул сапар Кыргыз Республикасынын Африка континентинин өлкөлөрү менен кызматташтыгынын тарыхында жогорку деңгээлдеги биринчи сапар болору белгиленди.
Сүрөттө: Фор Эссозимн Гнассингбе. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




