Савай айыл өкмөтүнүн экс-башчысы Мунарбек Сайпидинов Новосибирскиде кармалганын билдирди

  • 12 месяцев мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов Орусиянын Новосибирск шаарында кармалды.

Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 6-августта саат 02:20 чамасында үй-бүлөсү менен жашаган үйүнө милиция кызматкерлери келишкен. Сайпидинов аны камакка алууга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар деп эсептейт.

Буга байланыштуу ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге объективдүү иликтөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Сайпидинов Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Ал Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы болуп, 2016-2020-жылдары иштеген. 2020-жылда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. 2021-жылы «Азаттык» партиясынан талапкер болгон. 2021-жылдын 12-январында УКМК тарабынан «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кармалган. Кийин үй камагына чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты