Сауд Аравиясынын Өнүгүү фонду КРда турак жай курулушун каржыламакчы

  • 1 год мурун

24-апрелде Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын Өнүктүрүү фондусунун ортосунда “Кыргыз Республикасында турак жай курулушун каржылоо” долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.

Бул тууралуу экономика жана каржы министрлиги кабарлады.

Бул макулдашуу боюнча, Кыргызстанда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционерлик коомуна (ААК) 100,0 млн долларлык узак мөөнөттүү, арзан каржылык ресурс каралган.

Макулдашууну КР экономика жана коммерция министрлиги аткарат, ал эми долбоорду “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК ишке ашырат.  

Аталган ачык акционердик коом тартылган каржы ресурсунун оператору болот, үй салууга жер участоктору менен камсыздайт жана бардык аймактарда жеткиликтүү турак жай менен камсыздайт, жарандардын турак жайды ижарага алып, кийин сатып алуусуна көмөктөшөт.

Сауд Аравиясынын каражаты 3000 үй-бүлөнү камсыздоого багытталган.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты