АКШ жана Орусия өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу Жидда шаарында өтөрү күтүлүүдө

  • 1 месяц мурун

АКШ жана Орусия өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу 23-мартта Сауд Аравиясынын Жидда шаарында болору күтүлүүдө .

Бул тууралуу Fox News эфиринде Америка президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф билдирди.

Уиткоффтун айтымында, америкалык делегацияны мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц жетектемекчи.

18-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын  президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Россия Украинанын энергетикалык объекттерине 30 күнгө ок атууну токтотууга макул болгондугу айтылган. Украина президенти Украина ага макул болорун билдирген.  

18-февралда АКШнын жана Россиянын расмий адамдары Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында төрт сааттан ашык убакыт сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты