Сауд Арабиясы Кыргызстанга 50 тоннага жакын курма тапшырды
- 4 недели мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабиясынан социалдык жактан аялуу калк катмарына келген 48 тонна 720 кг курманы тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Иш-чарага Министрликтин жетекчилиги, Сауд Арабия элчиси мырза Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Курма карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына (КМДБ), ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




