Сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө иштери жүрүүдө
- 1 месяц мурун
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, өлкөдө 26-октябрга карата курч респиратордук вирустук инфекциянын 6699 учуру катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 13,9% га көп. Бардык учурлардын ичинен — 64,6% ы 14 жашка чейинки балдар.
Бишкек , Ош , Нарын жана Чүй аймактарында оорунун көрсөткүчтөрү республикалык орточо көрсөткүчтөн жогору болгон.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекцияларды жана сасык тумоого окшогон ооруларды көзөмөлдөө уланууда.
Эпидемиялык сезон башталган 40-жумадан бери бүгүнкү күнгө чейин сасык тумоо вирустары чыккан эмес.
Сасык тумоо оорусунун оор учурларын алдын алуу үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 63 734 доза вакцина сатып алган. Вакцина азыр аймактарга таратылып, профилактикалык эмдөө иштери башталды. Эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле тобокел тобундагы адамдардын арасында жүргүзүлөт, алар: өнөкөт оорулары барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан жогорку адамдар жана саламаттык сактоо кызматкерлери.
Сасык тумоого каршы эмдөө алууну каалагандар, вакцинаны төмөнкү жеке медициналык борборлордон акы төлөп ала алышат: «Цадмир», «Кроха», «Малыш», «Интермедикал», «Комфортмедик», «Поликлиника 312», «Чипенко», баасы 400-1000 сомдун тегерегинде.
Сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардан сактануу боюнча дарыгерлердин кеңеши:
-Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңузду жана мурунду салфетка же чыканактын ички бөлүгү менен жабуу;
-Организмди суукка же ашыкча ысыкка алдырбоо;
-Өзүңүздү начар сезсеңиз же сасык тумоонун белгилери байкалса — үйдө калуу;
-Санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо: колду дайыма жууп туруу, бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо жүргүзүү ж.б.;
-Окуу жана эс алуу режимин сактоо: таза абада сейилдөө, жетиштүү уйку жана туура тамактануу;
-Таңкы гимнастика жасап, дене тарбия менен машыгуу;
-Бала ооруп калса — толук айыкканга чейин мектепке же бала бакчага жибербөө жана үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу;
-Эл көп жерде беткап тагуу жана социалдык аралыкты сактоо.
КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо өз алдынча дарыланбастан, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




