Сасык тумоого байланыштуу 207 мектеп онлайн окутууда, 214 бала бакча карантинде
- 2 месяца мурун
Сасык тумоого байланыштуу республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде.
Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык, Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт.
Учурда республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде.
Азыркы тапта билим берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, 24–30-ноябрь аралыгында республика боюнча 37 068 сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция катталган. Бул мурунку жуманын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Ооругандардын жалпы санынан 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




