Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар көбөйүүдө
- 2 месяца мурун
Сасык тумоо жана респиратордук инфекциядардын көбөйгөнүөн байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын мектепке чейинки уюм убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, 24–30-ноябрь аралыгында республика боюнча 37 068 сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялар катталган, бул мурунку жуманын көрсөткүчтөрүнөн 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Ооругандардын жалпы санынан 5%ы ооруканага жаткырылган. Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда.
Оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 25ке жакын мектепке чейинки уюм убактылуу жабылды, Чүй облусунда 40ка жакын, ал эми Ош облусунда беш мектеп онлайн окууга өттү.
Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал туруктуу болгон облустарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн министрлик тарабынан алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




