Сары-Кыр ашуусунда калган адамды куткарууга ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү
- 1 месяц мурун
- Видео
6-ноябрда Сары-Кыр ашуусунда калып калган жаранды эвакуациялоого Өзгөчө кырдалдар министрлигинин (ӨКМ) тик учагы учуп кетти.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Мындан сырткары таң эрте жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкерлери), 6 техника издеп куткаруу иштерин аткарууда.
Маалыматта айтылгандай, 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган.
Кечээ бул ашууга ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “China Railway International” компаниясынан 4 адам жүктөгүч менен чыгышкан. ӨКМге караштуу республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылышты.
Кытайлык темир жолчулардын кошумча инженердик 2 оор техникасын жолду ачууга тартышкан.
Ашуудагы бул унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде жабылган.




